Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Сен-Дениде өзүн жардырган аялдын тек-жайы аныкталды


Сан-Денистеги антитеррордук рейддын жыйынтыгында сегиз адам камакка алынган.

Сан-Денистеги антитеррордук рейддын жыйынтыгында сегиз адам камакка алынган.

Франциянын прокуратурасы манжалардын издери боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдөн кийин 18-ноябрда Сен-Дени районунда жүргүзүлгөн анти-террордук рейд маалында өзүн-өзү жардырып жиберген жанкечти аялдын тек-жайын тактады. Ал 26 жаштагы Хасне Айтбулахсен болуп чыкты. Мурда божомолдонгондой, аял Париждеги теракттарды уюштурду деп шектелген Абделхамид Абауддун аталаш бир тууганы экенин “Ассошейтед пресс” жазды. Абауд да операция маалында жок кылынган.

Сен-Денидеги антитеррордук операцияда экстремист деп шектелген сегиз адам камакка алынган.

13-ноябрда Парижде уюштурулган катар-катар теракттар 129 адамдын өмүрүн алып, 300гө чукулу жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG