Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Премьер-министр Нарында жаңы бала бакчанын ачылышына катышты


Нарында бир күндүк иш сапар менен жүргөн премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарын районунун Жан-Булак айылында бала бакчанын ачылыш салтанатына катышты. 50 балага эсептелген бул социалдык объект Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жеке эсебинен курулду.

Ага чейин Сариев Нарын шаарында мамлекеттик каражатка салынып жаткан оорукананын курулуш иштери менен да таанышты.

Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, учурда Нарын облусунда мектепке чейинки курактагы балдардын 25% гана бала бакчага барат. Жалпысынан облуста 116 бала бакча иштеп жатат. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG