Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

Кыргыз милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Кыргызстандын ички иштер органдарынын бардык жеке курамы ушу тапта күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Бишкекте участкалык милиционердин өлүмүнөн кийин, 20-ноябрдан тарта мындай тартип министрдин атайын буйругу чыкканча орноп турмакчы.

Бардык шаар, айылдарда, эл көп топтолгон жайларда мыйзамсыз курал алып жүргөндөрдү аныктоо, уюшкан кылмыштуулукка, террорчулукка жана экстремизмге каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, элдин күнүмдүк тиричилигин камсыз кылуучу объекттерде кайтаруу күчөтүлдү. Ошону менен катар милициянын убактылуу кармоочу жайларында да тартип катуулады.

19-ноябрда 8-кичи райондо белгисиз бирөөлөр 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. Ага үч ок тийип, акыркысы чекесине атылган.

Милиционерди өлтүргөндөр азырынча кармала элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG