Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Президент прокурорлорду калктын аярлуу катмарын коргоого чакырды


Жарандардын, айрыкча калктын социалдык жактан аярлуу катмары тууралуу кеп болгондо, алардын укугун бузуу, мыйзамдуу кызыкчылыктарын этибарга албоо фактыларына ыкчам, так жана келишкис жооп кайтарылышы керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын прокуратура кызматкеринин күнүнө карата бүгүн жолдогон куттуктоо катында айтылат.

Президент акыркы жылдары мамлекет прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу боюнча көбүрөөк колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

"Сиздер карапайым жарандардын укугун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын натыйжалуу, өз мөөнөтүндө коргоого, Кыргызстанда укук талаасынын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга жетишип, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө тийишсиздер" деп айтылат прокурорлорго жолдонгон катта.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле "кылмыштуулукка каршы күрөштө жана коомдун аң-сезиминде “кол тийгистер” жок, кылмыш ишин козгоодо иргеп мамиле жасоого жол берилбейт деген принциптер бекем орун алышы зарыл" экенин баса белгиледи.

Бүгүн Башкы прокуратурада Кыргызстандын прокурорлорунун кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, алдыңкы кызматкерлер сыйланды. (RK)

XS
SM
MD
LG