Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Сариев: "Коопсуз шаардын" создугушу нааразылык жаратууда


"Коопсуз шаар" долбоорунун создугушу коомчулуктун нааразылыгын жаратууда. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 20-ноябрда Жол кайгуул кызматын реформалоо маселеси талкууланган жыйында айтты. Өкмөт башчы кайгуул боюнча тапшырманы Ички иштер министрлиги июль айында эле аткарышы керек болгонун, ушундай эле создуктуруунун айынан "Коопсуз шаарга" байланыштуу эл нааразы болуп жатканын баса белгиледи.

Өкмөт милициянын Жол кайгуул жана Кайгуул күзөт кызматтарын бириктирип, ордуна Патрулдук милиция түзгөнү жатат. Анын жеке курамы тиешелүү техника жана жабдуу менен камсыз болот, кылмыштар электрондук журналга катталат.

"Коопсуз шаар" долбоору коңшу өлкөлөрдө бир нече жылдан бери ишке ашып, жакшы натыйжасын берүүдө. Ал эми Кыргызстанда инвестор тандоо боюнча тендерлердин айынан ал али күнчө баштала элек.

Ички иштер министрлиги долбоорду өз күчү менен ишке ашырарын айтууда. Бирок серепчилер бул мүмкүн эмес экенин белгилөөдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG