Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Малиде өзгөчө кырдаал жарыяланды


Малиде 10 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды
Малиде 10 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды

Малиде мейманканадагы окуядан кийин он күнгө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мамлекеттик телекөрсөтүүдөн сүйлөп жатып өлкө башчысы Ибрагим Бубакар Кейта террордук чабуулдан 21 бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылганын айтты. Кечээ, 20-ноябрда борбор шаар Бамакодогу Radisson Blu отелинде согушкерлер 100гө жакын адамды барымтага алган. Атайын операция учурунда кол салгандардын экөө жок кылынды. Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ал Каида" тобу алды.

Бул окуянын өткөн аптада Парижде жасалган террордук кол салуулар менен байланышы барбы же жокпу, азырынча белгисиз, бирок француздардын көбү муну өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына жасалган жаңы чабуул деп атап жатат. Франция президенти Франсуа Олланд Малиге тилектештигин билдирди.

Франциянын мурдагы колониясы, Батыш Африкада жайгашкан Мали өлкөсү көптөн бери исламчыл радикал топтордун кол салууларынан жапа чегип келатат.(RK)

XS
SM
MD
LG