Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Нарын мэри жылуулуксуз калган мектеп үчүн эскертүү алды


Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназия жылуулуксуз калды. Бүгүн аймакка иш сапар менен барган өкмөт башчы Темир Сариев эгер маселе 3 күндүн ичинде чечилбей, мектепте окуу процесси үзгүлтүккө учурай турган болсо шаар мэри Рахат Адиевге жана жылуулук менен камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси Улан Айтиевге карата чара көрүлөрүн эскертти.

Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, буга чейин аталган мектеп электр отказаны менен жылытылып келген. Быйыл Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасы электр отказанын көмүр отунуна өткөрүү үчүн өз карамагына алган. Азыр түзүлгөн абалдын себебин Улан Айтиев суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, жарылып жатканы менен түшүндүрүүдө.

Бул күндөрү Нарында суук түнкүсүн -10, күндүз -5 градуска жетүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG