Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

Москвада жалпы Орусиялык жарандык форум өтүүдө


Бүгүн Москвада мурдагы каржы министри Алексей Кудриндин төрагалыгы менен жалпы Орусиялык жарандык демилгелер форуму өтүүдө. Жыйынды ачып жатып Кудрин 2000-жылдары быйыл алгачкы жолу калктын реалдуу кирешеси азайганын айтып, өкмөттүн экономиканы жана элди колдоо аракети натыйжа бербей жатканын билдирди.

Өзүнчө партия ачуу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кудрин өзүнүн жеке ролун келечекте саясий партиялар үчүн платформа боло ала турган багыттарды аныктоодон көрөрүн айтты жана азыркы орус бийлиги саясий кыймылдарды чектеп жатканын, бул айрым күчтөрдүн парламентке келүүсүнө тоскоолдук жаратканын белгиледи.

2013-жылдан бери быйыл үчүнчү жолу уюштурулган форумга Орусиянын 78 аймагынан 800дөй активист келди. Быйыл ага биринчи жолу Кремлдин өкүлдөрү да катышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG