Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Нарын драмтеатрын оңдоого 25 миллион сом бөлүнөт


Өкмөт Нарын музыкалык академиялык драма театрынын имаратын оңдоого 25 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн Нарынга иш сапары маалында театрдын чыгармачыл жамааты менен жолугушууда билдирди. Республикалык бюджеттен каралып жаткан акчага театрдын чатыры, отургучтары оңдолуп, көмүр менен ысытыла турган жылуулук системасы орнотулат.

Учурда имарат электр отказаны менен жылытылып жатат. Көрүүчүлөр олтура турган чоң залды жылытуу үчүн күнүгө 3 миң сомдун электр энергиясы сарпталып келет.

Имарат 1977-жылы курулган, андан бери толук ремонттон өтө элек болчу. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG