Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Чүйдө маркум сержант "Каармандык" медалы менен сыйланды


Чүйдө милициянын сержанты, маркум Тынчтык Абдрахманов Ички иштер министрлигинин "Каармандык" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн ИИМден кабарлашты.

Абдрахманов 8-ноябрда Токмокто шар аккан суу каналына түшүп кеткен аялды куткарам деп жатып өзү кошо агып кетип мерт болгон.

26 жаштагы маркумдун артында 2 баласы жетим калды. Ал милицияда иштегенине 2 жыл болгон.

Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө жардам иретинде президенттик фонддон 100 миң, өкмөттөн 100 миң жана ИИМден 100 миң сом бөлүнгөн. Чүй милициясында иштегендер бир күндүк маянасын чогултуп берүүнү чечкен. (RK)

XS
SM
MD
LG