Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Бишкекте өлтүрүлгөн милиционер мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт


Бишкектин 8-кичи районунда өлтүрүлгөн милиционер мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда айтылды.

Актилек Абдувалиевдин сөөгү Жалал-Абаддын Падыша-Ата айылында жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнатына жергиликтүү бийлик башчылары жана ал өзү иштеген Бишкектин Октябрь райондук милициясынын жетекчилиги катышты.

19-ноябрда 8-кичи райондо белгисиз бирөөлөр 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. Ага үч ок тийип, акыркысы чекесине атылган.

Милиционерди өлтүргөндөр кармала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG