Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Малидеги чабуулдан өлгөндөрдүн алтоо орусиялык экени аныкталды


Малиде 20-ноябрда террордук чабуул учурунда набыт кеткендерди алтоо орусиялык "Волга-Днепр" авиакомпаниясынын кызматкерлери болгону аныкталды. Орус Тышты иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, алар чабуулдун алгачкы мүнөттөрүндө атып өлтүрүлгөн. Дагы алты орус жараны барымтага алынып, кийин кое берилген 100дөй адамдын арасында болгон.

Малиде мейманканадагы кечээ күнкү окуядан кийин он күнгө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Кечээ, 20-ноябрда борбор шаар Бамакодогу Radisson Blu отелинде согушкерлер 100гө жакын адамды барымтага алган. Теракттан 21 адамдын өмүрү кыйылды. Атайын операция учурунда кол салгандардын экөө жок кылынды.

Чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ал Каида" террордук уюму менен байланышы бар "Ал Мурабитун" тобу алды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG