Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Ош аэропортунда учак тилкеден чыгып кеткен окуя өкмөттө каралат


Красноярск –Ош каттамындагы учактын кырсыкташы боюнча премьер-министр Темир Сариев бүгүн саат 11:00дө чукул жыйын курат. Анда учак тиешелүү болгон “Авиатрафик” компаниясынын, "Манас", "Ош" аэропортторунун жетекчилери бүгүнкү учактын кырсыкташы, анын себептери тууралуу маалымат берери күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди.

22-ноябрь күнү таңга маал Новосибирскиден учуп келген учак аэропортко конуп жатып, тумандан улам жолдон чыгып кеткен. Алдын ала айтылып жаткан маалыматтар боюнча, учактын бир канаты жана дөңгөлөгү сынган. Ал эми учактын бортундагы 159 киши жабыркабаганы кабарланууда.

Бул окуяга байланыштуу Ош аэропорту убактылуу жабылып, бүгүнкү каттамдар саат 17:00ге чейин токтотулду.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG