Өлкөнүн түндүгүндөгү Качин шахтасында баалуу нефрит ташын казып жаткан учурда кеминде 50 киши көчкү алдында калды. Алардын көпчүлүгү жакырчылыктан улам шахтыдан чыгарылган калдыктардын ичинен баалуу таш таап, жан баккандар экени айтылууда. Ошондой эле көчкүдөн жергиликтүү элдин ондогон кепелери да кыйраган.