Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Брюсселде коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээге күчөтүлдү


Бийлик жашоочуларды эл көп чогулуучу жерлерден: соода борборлорунан, кино-концерт залдарынан, аэропорт-вокзалдардан оолак болууга чакырууда. Түрдүү иш-чаралар, анын ичинде футбол матчтары да убактылуу башка мөөнөткө жылдырылды. 21-ноябрь күнү шаардагы метро иштеген жок, коомдук транспортто, поезд, вокзал-аэропорттордо коопсуздук чаралары абдан күчөтүлдү.

Бельгиянын премьер-министри Шарль Мишель маалымат жыйынында айтканына караганда, “Парижде болгондой чабуулдар Брюсселде күтүлүп жатканы” кабарланган. Париждеги жардырууларды уюштурган эки согушкер Брюсселге качканы тууралуу маалымат тараган. Алардын бири Салах Абдисаламды издөө уланууда.

13-ноябрда Парижде болгон жардыруудан 130 киши набыт кеткен. Андагы жардырууларды уюштурганын өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ мойнуна алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG