Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Учак кырсыгынын себептери иликтенүүдө


Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.
Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

22-ноябрда эртең менен Красноярск–Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан он чакты жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Кырсыкка катаал аба ырайы, атап айтканда, коюу туман себеп болгону айтылууда.

22-ноябрда таңкы саат сегизде №768 каттам менен Красноярскиден Ошко келген “Авиатрафик” компаниясынын учагы аэропортко конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Мындан учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынган. Учак жолдон 150 метрге чейин ыргып кетип токтогон. Учактын бортунда 148 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Андагы жүргүнчү - Наргиза Бакытбек кызы учактын канатынан өрт чыгып, эл дүрбөлөңгө түшкөнүн айтты:

- Конуп атканда бир канатынан от чыгып кетти. Анан салондун ичи ызы-чуу болуп аткан. Биз арттагы кошумча эшигинен үйлөнгөн жолчосу менен сыйгаланып жерге түштүк. Самолет жарылып кетиши мүмкүн, алысырак кеткиле дешти. Анан бизди ооруканага алып келишти. Башым катуу оруп, көңүлүм айнып аткан. Азыр кыйла жакшы болуп калдым. Коркунучтуу болду.

“Авиатрафик” компаниясынын учагынын кырсыкка кабылышынан адам курмандыгы болгон жок. Бирок ар кандай жаракаттар менен 9 жүргүнчү ооруканаларга кайрылып, экөө бир аз убакыттан кийин кайра чыгып кеткен. Ош аймактык ооруканасынын дарыгери Кубанычбек Максаталиев кырсыктан оор жаракат алгандар бар экенин билдирди.

- Учак кырсыгынан бизге тогуз бейтап кайрылган. Алардын көбү майда жаракаттарды алышкан, мээси чайкалган. Азыр алардын абалы жакшы. Бир бейтаптын бели сынган. Дагы бир кош бойлуу аялдын абалы башкаларга салыштырмалуу оор. Бирок баарынын абалы туруктуу.

Ош: учак кырсыгынан жаракат алгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Бул кырсыкка байланыштуу Ош аба майданы бардык багыттар боюнча учуп конууларды күндүз убактылуу токтоткон. Ага ылайык, шашкан жүргүнчүлөрдүн айрымдары такси менен Бишкекке бет алышты.

- Каттамдардын баары кечки саат беште кайра жанданат деп таблого жазып коюшкан. Бирок мындагы авиакассадан сурасак, бүгүн учпайсыңар, каттамдар эртең гана кайра жанданышы мүмкүн деп атышат. Биз Бишкекке барып, андан ары Казакстанга учмакпыз. Анткени ал жакка бир айга окууга баратканбыз. Эми бул жактан такси жалдасакпы деп турабыз. Биз эртең менен келгенибизде туманга байланыштуу биздин каттам бир аз кечигип учарын айтышкан. Анан эле болду, кечинде учасыңар деп, сыртка кууп чыгышты. Ошондон бери эмне кыларды билбей турабыз, - деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Кырсык болгондон кийин Ош аба майданынын жетекчилиги бардык каттамдарды токтотуп, жүргүнчүлөрдү күтүү залынан айдап чыккан. Ага ылайык, айрым жүргүнчүлөр суукка карабай, сырттагы отургучтарда уктап жатышты.

Учактарга Ош аба майданынан учууга жана конууга кечки саат сегиздерде уруксат берилди.

Ал эми аба майдандын жетекчилиги билеттер кандай шартта кайра тапшырылары, убагында учпай калгандарга кандай кам көрүлөрү, кырсыктын себептери, каттамдар качан жанданары тууралуу күндүз бир да расмий маалымат жарыялашкан жок. Аба майдандын жетекчи орун басары Азамат Калмурзаев:

- Кудай элди бир сактады. Сиздер ошо кудай сактады дегенди эле айтыңыздар. Азыр текшерип атышат. Өкмөт дагы бул боюнча кабардар. Азырынча баары көзөмөлдө.

Маалыматтарда “Авиатрафик” компаниясына таандык “Боинг” учагы Красноярск – Ош багыты боюнча учуп келе жатып, аба ырайынын начардыгынан бүгүн таңга маал Ошко коно албай, Бишкектеги "Манас" аэропортуна конууга аргасыз болгон. Аба ырайы жакшырды деген маалыматтардан кийин, таңкы саат 7де кайра Бишкектен Ошко карай учкан. Бирок коюу тумандан улам конуу учурунда тилкеден чыгып кеткен.

Окуяга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев “Манас” эл аралык аэропортунун, учак таандык болгон “Авиатрафик” компаниясынын өкүлдөрүн жана тиешелүү жетекчилерди чакырып, чукул жыйын өткөрдү. Талкуунун жыйынтыгында премьер-министрдин буйругу менен учактын авариялык конуусуна байланыштуу Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев башында турган комиссия түзүлдү. Анын курамына көз карандысыз эксперттер да тартылат. Комиссия он күндүн ичинде иликтөөнүн жыйынтыгын бериши керек.Сариев Ош аба майданында учак тилкеден чыгып кеткен кырсыктар буга чейин да болгонун эске салып, мындан ары бул сыяктуу окуяларга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Буга улай Ош шаардык прокуратурасы да учак кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.

Кыргызстандык “Авиатрафик” компаниясына таандык, 22-ноябрда Ош аэропортуна конуп жатып кырсыктаган Боинг 737-3Y0 (борттук каттоо номери ЕХ-37005) учагы 1990-жылдын 25-сентябрында алгач ирет асманга көтөрүлгөн. 1990-2003-жылдары Филиппин өлкөсүндө кызмат кылса, 2003-2006-жылдары Индонезиянын авиакомпанияларында жүргүнчү ташыган. Ал эми 2006-2011-жылдары Сауд Арабиясында иштеген. 2011-жылдан бери “Авиатрафиктин” флотунда кызмат кылып келе жаткан.

“Авиатраффик” компаниясында учурда мындан сырткары үч америкалык Боинг-737 үлгүсүндөгү учак бар. Алар заводдон 1987, 1991, 1996-жылы чыккан. Ошондой эле компаниянын атына 1990-жылы чыккан британиялык “Бритш Аэроспейс 146-200” учагы да катталган.

XS
SM
MD
LG