Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Ошто кырсыктаган учактын жүргүнчүлөрүнө жүктөрү эртең берилет


Кырсыкка кабылган Красноярск-Ош каттамындагы учактын жүргүнчүсү “Азаттыкка” билдиргендей, жүктөрдүн баары ээлерине 23-ноябрь күнү берилерин аэропорттон билдиришкен. Жүктөрдү алуу үчүн жүргүнчүлөрдүн колунда жүк тууралуу маалымдоо кагазы болууга тийиш. Ошондой эле жүргүнчүлөрдөн колдогу баштыктары да 23-ноябрда берилет.

22-ноябрь күнү саат 7:56да Красноярск – Ош каттамындагы учак коюу тумандан улам, конуу учурунда тилкеден чыгып кеткен. Натыйжада учактын бардык дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, ыргып кеткен. Бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган. Акыркы маалыматтар боюнча бир жүргүнчү жана экипаждын бир мүчөсү жеңил жаракат алган.

Окуяга байланыштуу ушул тапта премьер-министр Темир Сариев “Манас” эл аралык аэропортунун, учак таандык болгон “Авиатрафик” компаниясынын өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер менен чогуу чукул жыйын өткөрүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG