Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Учактын алты жүргүнчүсү ооруканага кайрылган


Ош облустук аймактар аралык ооруканасына Ош аба майданында кырсыктаган учактын алты жүргүнчүсү жеткирилген. Алардын ичинен экөө алгачкы медициналык жардам алган соң кайра кетишкен. Калган төртөө учурда ооруканада. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, кайрылган кээ бир адамдардын денеси сыйрылган, башкалары катуу чочугандыктан, психологиялык жардамга муктаж болушкан.

22-ноябрда, саат 7:56да “Красноярск-Ош” каттамында учуп келген учак Ош аба майданына конуп жаткан кезде тилкеден чыгып кеткен. Натыйжада учактын дөңгөлөктөрү талкаланып, сол канаты сынып, ыргып кеткен. Кырсыкка аба ырайы себеп экени айтылууда.

Учакта экипаж мүчөлөрүн кошкондо 159 киши болгон, алардын ичинен бешөө беш жашка чейинки наристелер. Жүргүнчүлөрдүн бирөө жана экинчи учкуч жеңил жаракат алганы да айтылууда.(YI;ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG