Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Крымда электр энергиянын жетишсиздигинен троллейбустар токтоду


Электр энергиясынын жетишсиздигинен Крымдын көчөлөрү да түнкүсүн жарыктандырылбай турган болду. Бул тууралуу Крымдын башчысы Сергей Аксенов фейсбуктагы баракчасында жазды. Анын сөздөрүнө караганда, шаарда көңүл ачуучу жайлардын иши да кечки саат онго чейин чектелди. Ал ошондой эле тургундарды электр жабдууларын чеги менен пайдаланууга чакырды. Аксеновдун маалымдаганы боюнча, күйүүчү май менен иштөөчү генераторлор даяр, бирок алар жарым аралдагы социалдык маанилүү мекемелердин иши үчүн гана колдонулат.

Аксенов Крымда электр энергиянын жетишсиздигинен мобилдик байланыш менен интернет да үзүлүүсү ыктымал экенин айтып, ошондой эле суу менен камсыздоодо да чектөөлөр болуусу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Севастополдо троллейбустар иштебей калганын аймак губернаторунун басма сөз катчысына таянып, “Интерфакс” да жазып чыкты.

Крым жекшембиге оогон түнү толугу менен электр энергиясыз калды. Мурдараак, Украинанын чыгышындагы Крымга электр энергиясын берген линиялар жабыркаганы тууралуу маалымдалган эле.

XS
SM
MD
LG