Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Обама Путинди 224 орус жаранын өлтүргөндөр менен күрөшүүгө чакырды


АКШ президенти Орусияны Сирияда Башар Асаддын оппозициясы менен эмес, Орусияда тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу Барак Обама Куала-Лумпурда АСЕАНдын жыйынынан кийинки маалымат жыйынында билдирип, Владимир Путинге Орусиянын жүргүнчү учагын ким кыйратканын эскертти. Обама Египеттен учуп чыгып, 224 жүргүнчүсү менен кыйроого кабылган орусиялык учак үчүн “ИМ” тобу айыптуу экенин баса белгилеп, “Путин орус жарандарын өлтүргөндөр менен күрөшүүгө тийиш” деп айтты.

31-октябрда Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык учак кыйрап, борттогу экипаж менен жүргүнчүлөрдүн бардыгы, жалпысынан 224 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG