Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 01:11

Соңку маалыматтарга ылайык, 21-ноябрда Мьянманын түндүгүндөгү нефрит шахтасында жүргөн жер көчкүдөн набыт кеткендерин саны 100гө жетти. Жүзгө жакын адамдын дайыны табылбай жатканы кабарланууда.

Жабыркагандарды издеп куткаруу иштерине Мьянмадагы Кызыл чырым уюму, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү куткаруучу топтор тартылды. Жер көчкүнүн жүрүшүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Набыт кеткендердин көбү шахтадан чыккан калдыктардан асыл таштарды терип, жан баккандар экени айтылууда.

Мьянмадагы ири шаарлардын бири Янгондон 950 чакырымдай алыс жайгашкан Качин штатында дүйндөгү жогорку сапаттага нефрит таштары өндүрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG