Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Н.Алимбеков: Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көбөйтүлүш керек


Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын маалыматы боюнча, өкмөт үйлөрү жараксыз болуп калгандарга 200 миң сомдон жардам берүүнү көздөөдө. Бирок бул аз деген Алимбеков аны 300 миң сомго жеткирүүгө Жогорку Кеңеште аракет жасаларын белгиледи.

Жабыркагандарга жардам эл аралык уюмдар, жергиликтүү жарандар жана ишкерлер өкмөт ачкан атайын эсеп аркылуу да берилет. Алимбеков башында турган депутаттардын тобу ишемби күнү Кара-Суу жана Алай райондорунда болуп, жер титирөөдөн жабыркаган калк менен жолугушуп келди. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG