Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Алимбеков: Чайчыда көп үйлөр кыйраптыр


17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.
17-ноябрда кечинде катталган жер силкинүүнүн күчү жети баллга жеткен. Жер титирөө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да сезилген. Силкинүү 18-ноябрда да кайталанган.

Ишемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков баштаган депутаттардын тобу жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Суу жана Алай районунда болуп кайтты.

Ал жердеги абал жана жергилктүү калктын муктаждыктары тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Нурбек Алимбеков жооп берди.

“Азаттык”: Нурбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаттары ишемби күнү Кара-Суу, Алай райондорунда болуп, жер титирөөдөн жабыркаган адамдар менен жолугушуп келдиңиздер. Өкмөт башчы да барып келген. Сиздер көргөндөр өкмөттүн маалыматтарынан айырмасы барбы?

Н.Алимбеков: Жер титирөөнүн очогу болгон Кызыл-Суу айыл округундагы Чайчы деген айылга бардык. Чынында ошол жерде катуу болуптур. Дээрлик бардык үйлөр эле кыйраптыр. Кыш менен курулуш талаптарын сактап салынган үйлөр калыптыр. Андан ары Кабылан-Көл айылы аркылуу Алайга өттүк. Ал жакта келтирилген зыян азыраак.

“Азаттык”: Өкмөт үйлөрү кыйрап калгандарга 200 миң сомдон жардам берилерин билдирди. Бул жетиштүүбү?

Н.Алимбеков: Ал жетишсиз. 200 миң сомдон жардам берүү чечими 10-15 жыл мурун кабыл алынып, ошол кезден бери берилип келатат. Андан бери канча инфляция болду, курулуш материалдары кымбаттады. Ошону карап чыгууну Жогорку Кеңештин депутаттары элге сөз бердик. Бериле турган жардамдын суммасын көбөйтүүнү парламентте карап, өкмөткө сунуштайлы дедик. Коомчулуктан да элге жардам берилип жатат. Жогорку Кеңештеги фракциялар бере баштады. Ошолордун баарын сарамжалдуу түрдө, чынында кыйналып калган адамдарга үй курууга жумшоо үчүн фонд түзүүнү сунуштадык. Ошол каражаттарды топтоп, мамлекет берген 200 миң сомду биз бир аз жогорулатып, 300 миң сомго көтөрсөк, фонддун каражаттарын кошуп берсек, кийинки жылдын күз айларына жаңы үйлөрдү куруп алууга шарт түзсөк болот.

“Азаттык”: Азыркы кезде өкмөт жылуулатылган чатыр, контейнерлерди алып барып жатат. Ал жетиштүү бекен?

Н.Алимбеков: Төртүнчү, бешинчи категорияда өтө олуттуу жабыркагандар 500го жакын деп айтышты. Аларга жылуулатылган контейнер жасап беребиз дешти. Аны комиссия дагы карап чыгыш керек. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан 200дөй контейнерди жасап жатат. Алар 10 күндүн ичинде даярдалып бүтөт экен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG