Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Жер титирөөдөн жабыркагандарга гумжардам жөнөтүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөөдөн жабыркагандарга мамлекеттик резервден 30 тонна 1-сорттогу ун, 8 тонна май, 400 даана одеял, 5 тонна кант жана 14 даана меш гуманитардык жардам катары жөнөтүлдү.

Мындан сырткары 22-ноябрда Кызыл Ай коому Өзгөн районуна ашкана буюмдарын, гигиена кутучаларын жана одеял таратып берген.

Ушул эле күнү “Саламалик” жана “Сары-Могол” көмүр кен шахталары Кара-Суу, Алай райондорундагы жабыр тарткандарга кайтарымсыз 300 тоннадан ашуун көмүр тараткан.

17-ноябрда болгон жер титирөөнүн күчү Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында - 7 балл, Алай районунун Кызыл-Суу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6 балл, Жалал-Абад шаарында 4-5 балл жана Өзгөн шаарында 5-6 баллга жеткен. Зилзаладан адам өмүрүнө зыян келген жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалпысынан Ош шаары, Кара-Суу, Алай, Өзгөн райондорунда силкинүүдөн жапа чекти делген 3500гө жакын турак-жай иликтенген. Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин улантууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG