Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Милицияны аткандар табыла элек


Сүрөттө: адистер окуя болгон жерде далилдерди издөөдө.

Сүрөттө: адистер окуя болгон жерде далилдерди издөөдө.

Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева “Азаттыкка” билдирди.

19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. Ага үч ок тийип, акыркысы чекесине атылган.

Ички иштер министрлиги милицияны өлтүргөн кылмышкерлерди айтып бергендерге 1 млн. сом сыйлык берилерин билдирген. Ушул тапта издөө иштери уланууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG