Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Орусияда кыргызстандык жүз миң бала бар


Орусиядагы кыргыздар
Орусиядагы кыргыздар

Бул тууралуу "Бир дүйнө" бейөкмөт уюму баштаган укук коргоочулардын форумунда орусиялык "ПСП-ФОНД" социалдык долбоорунун өкүлү Андрей Якимов билдирди. Форумда айтылгандай, учурда Орусияда расмий түрдө 514 миң кыргызстандык жаран иштеп жатат. Алардын 300 миңден ашууну эркектер, 200 миңден ашыгы аялдар.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан Евразия Экономикалык биримдигине кошулгандан кийинки мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугу талкууланып жатат. Ага Орусиядан, Казакстандан, Тажикстандан келген эксперттер катышууда.

Эксперттердин айтымында, биримдикке киргенден кийин мигранттардын саны азайган жана административдик мыйзам бузуулар көп катталган. (ZA)

XS
SM
MD
LG