Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

Кыргызстандык жаштар Кытайда ШКУ жыйынына катышууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бээжиндеги жыйынга катышып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кабарлады. Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жаштар кеңешинин тажрыйба алмашуу боюнча иш чарасына 7 өлкөдөн 50дөй жаш лидерлер катышууда. Аларды Кытайдын төрага орун басары Ли Юанчао кабыл алып, уюмга мүчө өлкөлөр инновация жана ишкердик жаатында кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Аталган иш-чарага ШКУнун жаштар кеңешинин Кыргызстан боюнча улуттук координатору Таалайбек Дайырбеков, жаш ишкер Данишбек Курманбеков баштаган өкүлдөр катышууда. Он күнгө созулган жыйында жаштар Кытайдын ар кайсы шаарындагы ишкерлик менен таанышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG