Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:48

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары президент Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” макамын ыйгаруу сунушу камтылган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Мажилистин басма сөз катчысы Мухаммадат Султанов документ 23-ноябрдагы отурумда талкууга алынганын “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлады. Жыйын соңунда мыйзам долбоору парламенттин төмөнкү палатасынын комитеттери менен комиссияларынын кароосуна жиберилди.

Тажик президентине “журт башы” наамын берүү тууралуу маалымат алгач октябрдын этегинде чыккан. Андан кийин мамлекеттик телекөрсөтүүлөр өлкө башчысына ушул макамды кошуп айта баштаган. Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат. (КЕ/NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG