Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

ЖК депутаты Игорь Чудиновго айып коюлду


Игорь Чудинов, Искендер Айдаралиев жана Карганбек Самаков

Игорь Чудинов, Искендер Айдаралиев жана Карганбек Самаков

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2008-жылы 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча кылмыш ишин тергөө соңуна чыкты. Анын натыйжасында, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго, анын уулу Кубанычбек Самаковго, мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиевге 303-берене боюнча айып коюлду. Ушул ишке байланыштуу ошол кезде премьер-министр болуп турган, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновго, экс-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевге жана мурдагы айыл чарба министри Арстанбек Ногоевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыптары коюлуп, иш сотко өткөрүлдү.

2008-жылы өкмөт Самаковго тиешелүү 262 гектар айыл чарба жерин турак-жай тилкесине айландырып, там салууга уруксат берген. Трансформациядан кийин ал жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, жеке турак-жайлар курулган. 2014-жылы Башкы прокуратура жерди иштетүү уруксатын токтотуп, мыйзамсыз менчиктештирилген деген жүйө менен депутатка быйыл 14-майда коррупция боюнча кылмыш иш козголгон. 3-сентябрда өкмөт 2008-жылдагы токтомун жокко чыгарган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG