Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Бельгия полициясы дагы беш кишини кармады


Бельгия -- Брюсселдеги рейд, 22-ноябрь, 2015.

Бельгия -- Брюсселдеги рейд, 22-ноябрь, 2015.

Бельгия полициясы Париждеги чабуулдарга шектелгендерди издөө рейддеринин жүрүшүндө бүгүн дагы беш адам кармалганын кабарлады. Рейддер бүгүн Брюсселдин беш, өлкө чыгышындагы Льеж шаарынын эки районунда жүрүп жатат. Бельгия бийлиги мунун алдында Брюссель менен Шарлеруа шаарларында дүйшөмбүгө караган түндөгү рейд учурунда 16 киши кармалганын кабарлаган. Бирок кармалгандардын арасында Париждеги теракттарга башкы шектүү катары аталып жаткан Салах Абдесалам жоктугу айтылууда.

Брюсселде коопсуздук боюнча чукул абалдын деңгээли өткөн ишембиден тарта эң жогорку - төртүнчү баскычка көтөрүлдү. Өлкөнүн ички иштер министри Ян Яамбон менен премьер-министр Шарль Мишель мунун себебин Париждегидей чабуулдар Брюсселде да кайталануу ыктымалдуулугу менен түшүндүрдү.

Парижде бүгүн Улуу Британия прмеьер-министри Дэвид Камерон Франция президентинин коштоосунда Bataclan концерттик залындагы эскерүүгө катышты. 13-ноябрдагы терактта бул жерде 90 адамдын өмүрү кыйылган эле. Британ премьери өлкө парламентинен Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы аба соккуларына кошулууга уруксат сурарын билдирди.

13-ноябрда Париждеги жардыруулардан 130 киши мерт кеткен. Ал үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG