Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Өзбек өкмөтү 9 жаңы ГЭС курат


Өзбекстан -- Электр энергиясы жок маалда шам жагып отурган үй-бүлө.
Өзбекстан -- Электр энергиясы жок маалда шам жагып отурган үй-бүлө.

Өзбек өкмөтү 2020-жылга чейин тогуз жаңы гидро-энергетика станциясын куруу чечимин кабыл алганын бүгүн өлкөнүн жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты. Андагы маалыматка караганда, Чирчик-Бозсуу, Ак-Сарай, Ак-Дарыя, Танхизи дарыяларына төрт чоң ГЭС курулуп, жалпы кубаты 23,5 МВТка жетет. Бул ГЭСтер жылына 116, 9 киловатт саат электр энергиясын чыгарууга кудуреттүү болот. Мындан тышкары дагы беш чакан ГЭС куруу каралган.

Өзбекстан соңку жылдары айрыкча кышкысын энергетикалык каатчылыкка кабылып, айыл жерлеринде күнүнө эки саат гана электр жарыгы берилери айтылып келет. Бирок бул тууралуу расмий маалымат айтылбайт.

XS
SM
MD
LG