Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Бельгия кармалгандардын бирине айып такты


Бельгиядагы рейд учурунан, 22-ноябрь, 2015.

Бельгиядагы рейд учурунан, 22-ноябрь, 2015.

Бельгия бийликтери Париждеги террордук чабуулдарга байланыштуу шектелип кармалган төртүнчү кишиге терроризм боюнча айып тагылганын жарыялады. Өлкө прокуратурасы буга чейин белгисиз болуп жаткан бул адам 22-ноябрдын кечиндеги полиция рейддеринде кармалганын кабарлады. Бул түнү кармалган калган 15 киши суракка алынган соң бошотулду. Бүгүн, 23-ноябрда кармалган беш кишинин экөөсү да кое берилди.

Бельгия премьер-министри Шарль Мишель Брюсселде террор коркунучунун деңгээли дале жогору бойдон экенин билдирип, бирок калаадагы мектептер менен метро 25-ноябрдан тарта акырындап кайра ачыла баштарын айтты.

Париждеги чабуулдарга тиешеси бардыгы шектелгендер Бельгияга качканы тууралуу маалыматтардан улам өткөн ишембиден тарта өлкөдө коопсуздук чаралары кескин күчөтүлүп, полиция бир канча рейд жүргүздү. Баш калаа Брюсселде мектептер, метро жабылган.

13-ноябрда Париждеги жардыруулардан 130 киши мерт кеткен. Ал үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG