Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Анжиянда жарык өчкөнүнө даттанган жаш мугалим кайра камалды


Мухаммадризо Эргашев

Мухаммадризо Эргашев

Анжиян облусунда милиция кызматкерлери 20 жаштагы айылдык мугалим Мухаммадризо Эргашевди кумсалыкка шектеп кармаганын "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Мугалимдин жакындарынын айтымында, милиция анын кол телефонунан бир канча порно видео тапкан имиш. Алар муну жалган жалаа деп эсептеп, Мухаммадризону электр энергиясы өчүрүлүп жатканын ачык айтып чыкканы үчүн гана камашканын билдиришти.

Милициядан болсо Эргашевдин камалышы боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Анжияндын бир айылындагы мектепте иштеген Мухаммадризо Эргашев быйыл октябрь айында электр энергиясы күнүнө эки саат гана берилгенине даттанганы үчүн беш күн камалып чыкканын буга чейин "Азаттыкка" айткан эле. 19-ноябрда ал "Азаттыктагы" маегинен соң иштен алынып, басым-кысымга кабылганын билдирген.

Өзбекстандын айыл-кыштактарында акыркы бир канча жылдан бери күздүн орто ченинен тарта электр энергиясы күнүнө 2-3 саат гана берилери айтылып келет. Бирок бул боюнча расмий маалымат айтылбайт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG