Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Бельгияда кармалгандарга Париждеги теракттар боюнча айып коюлду


Бельгия бийлиги Париждеги теракттар боюнча шектелип кармалган төртүнчү адамга айып койду. Бельгиянын федералдык прокуратурасы айып коюлган киши 22-ноябрда кечинде полициянын издөөсү учурунда кармалганын маалымдады.

Рейд учурунда кармалган 15 киши сурактан кийин бошотулду. 23-ноябрга чейин кармалган беш кишинин экөөсү да бошотулган. Бирок Бельгияда теракт коркунучу дагыле оор бойдон кала берерин өкмөт башчы Шарль Мишель билдирди. Анын айтымында, 25-ноябрдан тарта мектеп жана метролор акырындап ачыла баштайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG