Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Украина караңгылыкта калган Крымга товар өткөрүүнү токтотту


Орусия аннексиялап алган Крым регионуна карай жүк ташууну Украина токтотту. Жекшемби күнү Херсон облусунда электр мамыларын жардыруудан Крымга электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, жарым арал караңгылыкта калган.

Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк 23-ноябрда өкмөттүн жыйынында Крымга бардык түрдөгү товарларды өткөрүүнү токтотуу боюнча президент Петр Порошенконун сунушун кубаттап, өкмөт чечими кабыл алынды. Чечим убактылуу деп аталды. Анткени Украинанын экономика министрлиги Крым менен кайсы товарлар менен соода жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү Украинанын улуттук кызыкчылыгына туура келерин тизмелеп чыгууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG