Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Мугалимдер диний сабак алууда


Кыргызстандагы мектептердин бири
Кыргызстандагы мектептердин бири

Бүгүн Бишкекте орто мектептин мугалимдеринин диний сабатын жоюуга багытталган жыйын өтүп жатат. Иш-чараны Билим берүү жана илим, Ички иштер министрликтери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурууда. Мында мугалимдер менен окуучулар дүйнөлүк диндер, алардын Кыргызстанда жайылуу тарыхы, терроризм менен диний экстремизмге каршы күрөштүн ыкмаларын окушат. Семинар эки күнгө созулат.

Расмий маалыматтарга караганда учурда укук коргоо органдарында Кыргызстанда 1 777 киши экстремисттик уюмдарга катышы бар деп каттоодо турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизб ут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат. Адистер соңку кездерде жаштардын ар кандай агымдарга тартылып жатканын жана буга диний билимсиздик себеп экенин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG