Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Башкы прокуратура: Учак кырсыгынан 10 киши жеңил жараат алды


Ош аэропорту
Ош аэропорту

Башкы прокуратура Ош аба майданындагы учак кырсыгы боюнча маалымат таратты. Анда кырсыктаган учактын биринчи кыймылдаткычы жана гидросистемасы 3 миң метр бийиктикте иштебей калганы айтылат. Мындан улам учактын командири Ош аэропортуна авариялык конууга мажбур болгон. Учурда учактын эки кара жашиги алынып, тергөө иш-чараларынын планы түзүлдү.

Окуя болгон жерде сүрөттөр тартылып, аба майдандын диспетчердик кызматынын адистери суралды. Кырсыкта 10 киши жеңил жараат алып, учак олуттуу зыянга учураган.

22-ноябрда эртең менен Краcноярск-Ош багытындагы "Боинг-737" учагы Ош аба майданына конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан алты адам жеңил жараат алып, учактын өзү олуттуу зыянга учураган. Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн 23-ноябрда Москвадан Эл аралык авиация комитетинин өкүлү Георгий Ячменьев башында турган комиссия келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG