Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Түркия орус учагын атып түшүргөнү кабарланууда


Сирия - Орусиянын Су-24 учагы, 22-октябрь, 2015
Сирия - Орусиянын Су-24 учагы, 22-октябрь, 2015

Түрк маалымат каражаттары Сирия чек арасына жакын жерде Түркиянын аба мейкиндигин бузган белгисиз аскерий учак атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, Түркиянын F16 истребители белгисиз учакты атып түшүрөрдөн мурда өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы тууралуу эскерткен, бирок ага эч кандай көңүл бурулган эмес. Учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө жетишкен.

Көп өтпөй Орусия Коргоо министрлиги Сирияда Су-24 учагы кыйроого кабылганын ырастаганын орус медиасы жазып чыкты. Секирип кетүүгө үлгүргөн эки учкучтун кийинки абалы азырынча белгисиздиги айтылууда.

Орусия истребителдери өткөн октябрь айында да Түркиянын аба мейкиндигин эки жолу бузушу Анкаранын Москвага нааразылыгын жараткан.

Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы 30-сентябрдан тарта аба соккуларын ура баштаган.

XS
SM
MD
LG