Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Президент киши колдуу болгон милициянын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү


 Актилек Абдубалиев
Актилек Абдубалиев

Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн фондунан Бишкекте кызматтык милдетин аткарууда каза болгон милиционер Актилек Абдубалиевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу буйрукка мамлекет башчы бүгүн кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки адам 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда атып кетишкен. Ага үч ок тийип, акыркысы чекесине атылган.

ИИМ кылмышкер табыла электигин, издөө иштери уланып жатканын маалымдады. Министрлик милицияны өлтүргөндөрдү айтып бергендерге 1 млн. сом сыйлык жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG