Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Улуттук банк насыяны чет элдик валюта менен берүүгө тыюу салууну сунуштоодо


Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Анын айтымында, учурда экономиканын долларга басылып кетишин азайтуу аракети көрүлүүдө. Мындан сырткары ал коммерциялык банктардагы депозиттердин 60% доллар менен сакталганын, ошол эле учурда банктар насыя бербей жатканын кошумчалады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев калктын аярлуу катмары үчүн ипотека боюнча насыясын доллардан сомго которуу мүмкүнчүлүгүн кароону банктын төрагасына тапшырган. Абдыгулов учурда анын кайсы курс менен которулары, пайыздык көрсөткүчү канча деп белгиленери боюнча механизмдери иштелип жатканын маалымдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG