Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:35

Сирияда Орусиянын Су-24 аскерий учагы кыйрашына байланыштуу президент Владимир Путин билдирүү жасап, "бул жоготууну террорчуларга кол кабыш кылгандардын артыбыздан сокку уруусу деп айтам, бүгүнкү болгон окуяны башкача айта албайм", - деди. Путин ошондой эле учак кыйроосу орус-түрк алакасына олуттуу таасир тийгизерин, учак Сирия аймагында, Түркия чек арасынан бир чакырымдай аралыкта атып түшүрүлгөнүн белгиледи.

Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу болсо Түркия чек арасы бузулушуна каршы бардык чараны колдонууга укугу бар экенин билдирди.

Бүгүн эртең менен түрк маалымат каражаттары бүгүн Сирия чек арасына жакын жерде Түркиянын аба мейкиндигин бузган белгисиз аскерий учак атып түшүрүлгөнүн жазып чыгышкан. Анда F-16 үлгүсүндөгү Түркиянын эки истребители белгисиз учакты атардан мурда аба мейкиндиги бузулганы тууралуу он жолу эскертүү бергени, учак Сириянын чек арага жакын аймагына кулап, андагы эки учкуч парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөнү айтылат.

Көп өтпөй Орусия Коргоо министрлиги Сирияда Су-24 учагы кыйроого кабылганын таанып, бирок ал Түркия аба мейкиндигин бузбаганын айтып чыкты.

Түркиянын Hurriyet гезити учак президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн Латакия аймагындагы сириялык түркмөндөр байырлаган Йамадлы айылына жакын жерге кулап түшкөнүн, учкучтун бири мерт болуп, экинчисин жергиликтүү калк туткундап алганын жазып чыкты.

Орусия истребителдери өткөн октябрь айында да Түркиянын аба мейкиндигин эки жолу бузушу Анкаранын Москвага нааразылыгын жараткан.

Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы 30-сентябрдан тарта аба соккуларын ура баштаган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG