Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Орусия турагенттиги Түркияга жолдомо сатууну токтотту


Орусиядагы ири туристтик агенттиктердин бири Түркия орус аскерий учагын атып түшүрүүсүнө байланыштуу бул өлкөгө жолдомо сатуу убактылуу токтотулганын билдирди. Natali Tours агенттиги бүгүн "туруксуз саясий кырдаалдан" улам Орусиядагы жана мурдагы советтик республикалардагы кеңселери Түркияга туристтерди жөнөтүүнү токтотконун жарыялады.

Түркияга эс алуу үчүн былтыр Орусиядан 4,5 миллион адам барган, бул ал жактагы туристтердин 12 процентин түзөт.

Түркия Орусиянын Су-24 учагы өлкө аба мейкиндигин бузганы үчүн атып түшүрүлгөнүн билдирсе, Москва учагы Сириянын аймагынан өтпөгөнүн ырастоодо.

Орус президенти Владиир Путин бул окуя орус-түрк алакасына олуттуу таасир тийгизерин эскертти. Тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Түркияга 25-ноябрга белгиленген визитин токтотту.

XS
SM
MD
LG