Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Ысык-Көл облусунун тургуну 28 тууганын Сирияга алып кеткен


Сириядагы борбор азиялыктар
Сириядагы борбор азиялыктар

Ысык-Көл облусунун тургуну Жолдошбек Карабаев Сирияга 28 тууганын, анын ичинде өз энесин алып кеткен. Бул тууралуу алардын жакын тууганы Жаңыбай Тыналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, биринчи болуп Сирияга төрт баласын жана кош бойлуу келинчегин алып Жолдошбек Карабаев өзү жол тарткан. Кийин ал башка туугандарын алып кеткен.

2015-жылдын жылдын жазында Ысык-Көлдүн Тоң районунан беш балалуу үй-бүлө, ошондой эле 80 жаштагы кемпир төрт кызы менен Сирияга кеткени аныкталган.

Ал эми ушул айда башкы прокурор Индира Жолдубаева 500дөй кыргызстандык Сирия жана Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында согушуп жүргөнүн, анын 122си аялдар экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG