Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Обама: АКШ террорго каршы күрөштө Франция менен бирге


АКШ -- Барак Обама менен Франсуа Олланд. Вашингтон, 24-ноябрь, 2015.

АКШ -- Барак Обама менен Франсуа Олланд. Вашингтон, 24-ноябрь, 2015.

АКШ президенти Барак Обама "Кошмо Штаттар менен Франция терроризмге каршы күрөштө чогуу, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жана анын идеологиясы азыр баарыбыз үчүн олуттуу коркунуч жаратууда", - деп айтты. 24-ноябрда Вашингтондо Франция президенти Франсуа Олланд менен чогуу чыккан маалымат жыйынында Обама Евробиримдикти авиакомпанияларга жүргүнчүлөргө байланышкан маалыматтарды алмашып турууга жол ачкан келишимди аткарууга да чакырды.

Олланд террорчулардын Европага кирүүсүн тосуу үчүн Түркия-Сирия чек арасын тезинен жабуу керектигин билдирди. Франция президенти андан ары Барак Обама менен Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекети" тобуна каршы аба соккуларын күчөтүүнү макулдашканын да кошумчалады.

Эки президенттин Вашингтондогу жолугушуусу Парижде 13-ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдардан кийин болуп отурат. Бул чабуул үчүн "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG