Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Синайда согушкерлер мейманканага чабуул жасады


Египет -- Синайдагы чабуулдан кийин, 24-ноябрь, 2015.

Египет -- Синайдагы чабуулдан кийин, 24-ноябрь, 2015.

Египеттин Синай жарым аралындагы чабуулдан төрт киши - эки полициячы менен эки судья курман болуп, 12 адам жаракат алды. Чабуул деңиз боюнда жайгашкан ал-Ариш шаарындагы Swiss Inn мейманканасына жасалган.

Египет бийликтеринин кабарлашынча, жанкечти айдаган миналанган машине имаратка жакындап баратканда полиция менен күзөтчүлөр байкап калып, ок жаадырган. Натыйжада машине көздөгөн жерине жетпей жарылган. Бирок ошол учурдагы абалдан пайдаланып эки согушкер мейманканага кирип кетүүгө үлгүргөн. Алардын бири белиндеги жанкечти курун жардырып, экинчиси бөлмөлөрдүн бириндеги судьяны атып өлтүргөн.

Бул чабуулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу уюштурганын мойнуна алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG