Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Орусия Сирияда кыйраган Су-24 аскерий учагынын калдыктарын жана парашют менен секирип түшкөнү айтылып жаткан эки учкучун издөө операцияна чыккан эки тик учагынын бири козголоңчулардын аткан огунан кыйроого кабылганын ырастады. Ми-8 тик учагы танкка каршы ракета атылуусунан жабыркап, конууга аргасыз болгон. Андан бир аскер мерт болду.

Орусия куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын оперативдүү башкармалыгынын башчысы Сергей Рудской тик учак кыйрап, экипаждын калган мүчөлөрү Хмеймим авиа базасына эвакуацияланганын билдирди.

Мунун алдында Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюму тик учак Латакия провинциясында конууга аргасыз болуп, экипаж мүчөлөрү качып кетүүгө үлгүргөнүн, тик учак көп өтпөй козголоңчулардын экинчи жолу ракета атуусунан жардырылганын кабарлаган.

Бүгүн эртең менен Түркия аба мейкиндигин бузганы үчүн Орусиянын Су-24 учагын атып түшүргөнүн билдирген. Орусия болсо учак Түркия аймагына кирбегенин айтууда.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG