Жогорку Кеңештин депутаттары парламент чыгымдарын кыскартуу жана жеңилдиктерден баш тартуу маселени талкуулай баштады. Айрым депутаттар бул маселени журналисттердин катышуусуз, жабык өткөрүүнү сунуштап жатышат. Оппозициядагы фракция өкүлдөрү бул маселени жаап-жашыруу туура эмес экенин белгилешүүдө.
Ошол эле кезде КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рысбаев жардамчы, кеңешчилер кыскартылгандан кийин, келишимдин негизинде кызматка алууну да токтотуу зарылдыгын айтып чыкты.
Парламент түзүмү жана чыгымдарды ыраатташтыруу боюнча төраганын орун басары Нурбек Алимбеков башында турган депутаттык комиссиянын корутундусу бүгүн сунушталат. Үгүт өнөктүгү учурунда парламенттеги азыркы партиялар чыгашаларды кыскартуу, жеңилдиктерден баш тартууну негизги ураан кылышкан.
Айрым маалыматтарга караганда, Алимбеков башында турган комиссиянын мүчөлөрү депутаттарга берилген жеңилдиктерди алып салууга каршы добуш беришкен. (КЕ)