Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Жыйынга катышкан депутаттардын теңинен көбү Жогорку Кеңештин чыгымын кыскартуу жана жеңилдиктерден баш тартуу маселесин жабык кароону колдошту.

Бүгүн парламент түзүмү жана чыгымдарды ыраатташтыруу боюнча төраганын орун басары Нурбек Алимбеков башында турган депутаттык комиссиянын корутундусу угулат.

Жумушчу топтун алдын-ала сунушу боюнча, Жогорку Кеңеш депутаттарынын жардамчылары, кеңешчилери толук сакталат, мындан тышкары парламенттин аппаратында деле олуттуу өзгөрүү жок. Жалпы парламенттеги кызматкерлердин саны мурда 557 болсо, азыр тескерисинче көбөйүп, 565ке өсүп кеткен. Мындан сырткары бала бакчасынан 10 миллион, пансионаттардан 7-8 миллион сом үнөмдөлүшү ыктымал экендиги айтылууда. Бул кыскартуулар добуш берүүдө аныкталат.

Парламенттик шайлоо алдында элге кол тийбестик менен артыкчылыктардан, турак-жай, автоунаадан баш тартарын шайлоого катышкан партиялардын баары убада кылышкан.

Айрым маалыматтарга караганда, Алимбеков башында турган комиссиянын мүчөлөрү депутаттарга берилген жеңилдиктерди алып салууга каршы добуш беришкен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG