Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

400дөй кыргызстандык чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышууда


Сирия, Ирак жана Ооганстандагы террористтик уюмдардын катарында 400дөй кыргызстандык бар экенин бүгүн маалымат жыйында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди. Анын айтымында, алардын 24 пайызга жакынын аялдар, 15 пайыздан ашуунун өспүрүмдөр төзөт. Алдын-ала маалыматтар боюнча, согуштук аракеттерге катышууга кеткендердин 30дайы каза болгон. Ал эми 40ка чукулу кайтып келишкен.

Айрымдары үй-бүлөсүн, туугандарын алып кетишкен. Ысык-Көл облусунун тургуну Жолдошбек Карабаев Сирияга 28 тууганын, анын ичинде өз энесин алып кеткенин анын тууганы Жаңыбай Тыналиев “Азаттыкка” билдирген болчу.

Ал эми башкы прокурор Индира Жолдубаева 500дөй кыргызстандык Сирия жана Ирактагы эл аралык террористтик уюмдардын катарында согушуп жүргөнүн, анын 122си аялдар экенин маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG