Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Акыйкатчы Бишкектеги Т.Сыдыков мектебинде рэкетчилик бар экенин айтып чыкты


Кыргызстандагы мектептердин бири
Кыргызстандагы мектептердин бири

Акыйкатчы институту Көркөм өнөр улуттук академиясынын алдындагы Т.Сыдыков мектеп-интернатында рэкетчилик бар экенин айтып чыкты. Маалыматка караганда, буга чейин Бишкек шаарынын тургуну баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнүп аталган институтка кайрылган. Арызда мектеп-интернатта өзүнөн кичүү балдарды тоногон, өкүмзордук кылган туруктуу система бар экени, акча талап кылган, уруп-сабаган, кемсинткен учурлар кездешери белгиленген. Арыздын негизинде байкоо жүргүзүлүп, рэкетчилик фактылары ырасталган. Буга байланыштуу Акыйкатчы институту окуу жайдын, интернаттын жетекчилигине кайрылып, мындан ары зомбулукту болтурбоо, муну коз жаздымда калтырган кызматкерлерге чара көрүүнү сунуштады.

Т.Сыдыков мектеп-интернатында балдар 4 жыл билим алып, 8-11-классты окушат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG